1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

1

Теориядан практикага: расмий статистиканын негизинде инвестициялык портфелди түзүү

2026-жылдын 2-мартында “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунун Экономика багытындагы «Каржы жана насыя» адистигинин ФКк-1-22 тайпасынын күндүзгү бөлүмүндө окуган студенттери «Каржылык инвестициялык талдоо» дисциплинасы боюнча «Инвестициялык портфель» темасында көчмө практикалык сабакка катышышты.

Сабакты э.и.к., доценттин м.а. Абдырахманова Гульчехра Батырбековна уюштурду. Практикалык сабак Манас шаарынын статистикалык башкармалыгынын базасында өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер лекцияларда алган теориялык билимдерин бекемдөө менен бирге статистикалык маалыматтардын кандайча жыйналып, иштелип чыгып жана практикада колдонуларын көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Башкармалыктын адистери бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, маалыматтарды чогултуу жана иштетүү тартибин, аймактын негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн тааныштырышты.

Өзгөчө көңүл инвестициялар боюнча статистикалык көрсөткүчтөргө бурулуп, инвестициялык портфелди түзүүдөгү алардын мааниси талкууланды. Студенттер расмий статистикалык маалыматтар тармактардын инвестициялык жагымдуулугун баалоодо, тобокелдиктерди аныктоодо жана негизделген каржылык чечимдерди кабыл алууда канчалык маанилүү экенине ынанды.

Адистер менен болгон жандуу баарлашуу, суроолорго жооп алуу мүмкүнчүлүгү сабактын мазмунун байытып, аны практика менен тыгыз байланышкан иш-чарага айлантты. Мындай көчмө сабактар болочок финансисттердин кесиптик компетенцияларын калыптандырууга жана экономиканын иштөө механизмдерин тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түзөт.

Жыйынтыгында студенттер жылуу кабыл алуу жана пайдалуу кесиптик кеңештери үчүн башкармалыктын жамаатына ыраазычылык билдиришти.