1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

44

1

Теориядан практикага: магистранттар студенттерди шыктандырышты

2026-жылдын 26-февралында Экономика, эсеп жана каржы кафедрасында магистранттар тарабынан 580100 Экономика багытындагы   2–3‑курс студенттери үчүн конок лекциясын өткөрүштү.

Конок лекция негизинен магистранттардын магистлердик темасына ылайык даярдалып, замандын талабына ылайык, жаңы технологияларды жана  ыкмаларды колдонуу менен практикалык тажрыйбада колдонулган чыныгы кейстерди бөлүшүштү

Магистранттар үчүн бул лекция өз билимдерин бекемдөөгө, коомчулук алдында сөз сүйлөө көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана жаш кесиптештери менен тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берди. Мындай өз ара аракеттешүү кесиптик коммуникацияны, критикалык ой жүгүртүүнү жана билимди практикалык колдонуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө шарт түзөт,

Конок лекциянын жыйынтыгында кафедра башчысы э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов сөз сүйлөп магистранттарга ыраазычылык билдирүү менен ийгилик каалады