1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

1

«Кесиптик компетенттүүлүккө кадам:Социалдык иш адистигиндеги өндүрүштүк практиканын башталышы»

2026-жылдын 25-февралында “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук институтунун профессор Ш. М. Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасында маанилүү иш чара болуп өттү. «Социалдык иш» адистигинин 3-курсунун СКк-1-23 тайпасы студенттери үчүн өндүрүштүк практикага багытталган уюштуруу конференциясы жогорку деңгээлде уюштурулду.

Иш-чарага институттун өндүрүштүк практика боюнча жооптуу өкүлү Г. Абдурахманова, кафедра башчысы, доцент Р. К. Шамшиев жана практика жетекчиси, улук окутуучу Ы. М. Кожоназарова, окутуучу Н.С. Алдозова катышты. Конференциянын негизги максаты — студенттердин академиялык билимдерин реалдуу иш тажрыйбасы менен айкалыштыруу, социалдык кызматкердин профессионалдык деңгээлин калыптандыруу жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында студенттерге төмөнкү багыттар боюнча тереңдетилген маалыматтар берилди: Практиканын жоболору жана өтүү тартиби. «Жол картасы», Социалдык иштин деонтологиялык принциптери, бенефициарлар менен иштөөдөгү купуялуулук жана этикалык ченемдер, Иш ордундагы техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо.

Студенттер өздөрү практика өтө турган мекемелердин спецификасы менен таанышып, алдыдагы милдеттер боюнча эксперттерден кеңири жооп алышты. Бул кадам келечектеги социалдык кызматкерлердин коомдогу актуалдуу маселелерди чечүүгө болгон даярдыгын айгинелейт.