1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

46

1

Сапаттуу билим берүү программа – кесипкөй адис даярдоого өбөлгө түзөт

2026-жылдын 26-февралында “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук институтунун  Экономика, эсеп жана каржы кафедрасында «Экономика багыты  (магистратура, бакалавр) боюнча билим берүү стандарттары, жалпы билим берүү программалары жана окуу пландары талкууланды.                                                             

Иш-чарага Манас шаарында жана Сузак районунда жайгашкан ишканалардын жетекчилери, кафедранын профессордук-окутуучулар жааматы, магистранттар жана студенттер катышты. Жолугушуунун негизги максаты — эмгек рыногунун заманбап талаптарын эске алуу менен билим берүү программаларын жана окуу пландарын өркүндөтүү болду.

Тегерек столдо кафедра башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Төлөнов Эмил Нажимидинович өз сөзүндө жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатууда жумуш берүүчүлөр менен тыгыз кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Аны менен бирге «Экономика» багыты боюнча билим берүү стандарты, жалпы билим берүү программасы жана окуу пландар боюнча кеңири маалымат берди. Ошондой эле магистрлердин, студенттердин практикалык даярдыгын күчөтүү жана кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү маселелерине өзгөчө токтолду.

Талкуунун жүрүшүндө жумуш берүүчүлөр жалпы билим берүү программасына жана окуу пландарга өзгөртүүлөрдү сунуштап, практикалык сабактарды көбөйтүү, санариптик көндүмдөрдү жана аналитикалык жөндөмдөрдү өнүктүрүү боюнча пикирлерин билдиришти. Ошондой эле өндүрүштүк практика жана стажировкаларды уюштурууда кызматташууну кеңейтүү сунушталды.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар ортосунда ачык талкуу болуп, пикир алмашуу жүргүзүлдү. Мындай жолугушуулар университет менен жумуш берүүчүлөрдүн байланышын бекемдеп, экономика тармагында атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого өбөлгө түзөөрүн кафедра башчысы белгилеп, иш берүүчүлөргө кафедранын атынан ыраазычылыгын билдирди.