1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

44

1

Студентерди иш ордунда окутуу (ОРМ): Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад облустук башкармалыгында өткөн практикалык сабак

2026-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад облустук башкармалыгында «Акча-кредиттик жөнгө салуу» дисциплинасынын алкагында «Улуттук банктын пайыздык саясаты» темасында көчмө практикалык сабак өткөрүлдү. Иш-чарага 580100 «Экономика» багытынын «Финансы жана кредит» профили боюнча күндүзгү бөлүмдө окуган ФКк-1-22 тайпасынын студенттери, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика жана укук Институтунун студенттери катышты.

Сабакты экономика, эсеп жана финансы кафедрасынын окутуучусу, экономика илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Жамашева Г.С. жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Акимбеков Хусейн Маматканович менен биргеликте өткөрүлдү.

 Жолугушуунун жүрүшүндө башкармалыктын жетекчиси банктык жөнгө салуу жана пайыздык саясатты ишке ашыруу жаатындагы кесиптик тажрыйбасы жана практикалык көндүмдөрү менен бөлүштү. Студенттер иш ордун уюштуруунун негизги аспектилери менен таанышты: иш мейкиндигин туура түзүмдөө, маалыматтык системаларды колдонуу, финансылык документтер менен иштөө талаптарын сактоо, ошондой эле кызматтык баарлашуу жана бөлүмдөр аралык өз ара аракеттенүү принциптери.

Практикалык бөлүктө студенттер университетте алган теориялык билимдер банк мекемесинин ишмердүүлүгүндө кантип колдонуларын көрүштү. Аларга конкреттүү кесиптик милдеттерди коюу жана чечүү жолдору көрсөтүлдү: учурдагы финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрдү талдоо, аналитикалык отчетторду даярдоо, акча-кредиттик саясаттын инструменттерин моделдөөгө катышуу.

Мындай көчмө практикалык сабактар кесиптик компетенцияларды калыптандырууга, реалдуу экономикалык маалыматтар менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана акча-кредиттик жөнгө салуу инструменттерин өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт. Улуттук банктын иш чөйрөсүнө жакындан аралашуу студенттерге өлкөнүн финансы системасынын иштөө механизмдерин тереңирээк түшүнүүгө жана теория менен практиканын байланышын бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

Практикага багытталган окутуу форматы келечектеги адистерге кесиптик чөйрөнүн талаптарына ыңгайлашууга, баалуу тажрыйба топтоого жана ийгиликтүү карьералык багытын ишенимдүү түзүүгө жардам берет.