1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

1

Ачык сабак: Социалдык иште байкоо жүргүзүү усулдары

2026-жылдын 23-февралында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунун профессор Ш. М. Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын улук окутуучусу А. О. Шерматов Социалдык иш адистигинин 2-курс СКк-1-24 тайпасынын студенттери үчүн «Социалдык иштеги изилдөө усулу жана социалдык статистика» дисциплинасынан ачык сабак өткөрүлдү.

Лекциялык сабактын негизги мазмуну окутуучу социалдык иштеги байкоо жүргүзүү усулунун теориялык жана практикалык аспекттерин кеңири талдап берди. Сабакта төмөнкү актуалдуу маселелер каралды, байкоо методунун өзгөчөлүктөрү жана түрлөрү, изилдөө объектисин тандоо жана байкоо жүргүзүүнүн этаптары, маалыматтарды иштеп чыгуу жана этика кодексин сактоо.

Жыйынтыгында сабак интерактивдүү форматта өтүп, студенттер изилдөө жүргүзүүнүн практикалык көндүмдөрүн өздөштүрүштү. Иш чарага кафедранын профессордук-окутуучулук курамы катышып, сабактын методикалык деңгээлине жогорку баа беришти. Ачык сабак өз максатына жетип, болочоктогу адистердин кесиптик компетенттүүлүгүн арттырууга багытталды.