1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

20 часов назад

9

1

Кесиптик компетенцияларды өнүктүрүү укуктук жардам көрсөтүү чөйрөсүндө

2026-жылдын 20–22-февраль күндөрү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук институтунун “Юриспруденция” багытынын магистранттары укуктук жардам көрсөтүү чөйрөсүндө, айрыкча харассмент жана ыдык көрсөтүү боюнча иштерде кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүгө багытталган интенсивдүү программага катышышты. Программа « Укук коргоочулардын жаңы мууну » коалициясы тарабынан уюштурулду.

Программанын максаты – туруктуу жана этикалык укуктук иш жүргүзүү үчүн системалуу билимдерди, практикалык көндүмдөрдү жана натыйжалуу инструменттерди калыптандыруу болду.

Программанын алкагында төмөнкү маселелер каралды:

– улуттук жана эл аралык мыйзамдар;

– аялдардын укуктарын коргоо механизмдери;

– CEDAW стандарттары;

– Стамбул конвенциясынын жоболору;

– иштерди алып баруу: алгачкы кайрылуудан тартып коргонуу стратегиясын иштеп чыгууга чейин;

– кардарды документтештирүү жана коштоп жүрүү;

– эмпатиялуу жана травмага сезимтал (trauma-informed) консультация берүү;

– юристтин кесиптик жана эмоционалдык жүгүн башкаруу.

Программа адам укуктарын коргоо жаатындагы билимдерди тереңдетүүгө, ошондой эле сезимтал категориядагы иштер боюнча практикалык укуктук жардам көрсөтүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Алынган тажрыйба келечектеги юристтердин кесиптик калыптанышында маанилүү кадам болуп саналат.