1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

21 час назад

13

1

Окутуунун заманбап технологиялары боюнча мастер-класс

2026-жылдын 17-февралында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук институтунда окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга багытталган иш-чара өткөрүлдү. Институттун окуу-методикалык кеңеши тарабынан уюштурулган мастер-класс «Билим берүүдөгү жаңылануу: 5Е модели — Кембридж технологиясы» аттуу актуалдуу темага арналды.

Мастер-классты тренер Орозова Жазгүл өткөрдү. Ал заманбап технологияларды окуу процессинде колдонуу ыкмаларын жогорку деңгээлде көрсөтүп, аларды практикалык мисалдар менен негиздеп берди. Иш-чаранын жүрүшүндө окутуучулар суроо-жооп форматында жана жандуу талкуулар аркылуу активдүү катышышты.

Институттун директору, профессор А. Аскарова бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп: «Мындай мастер-класстар окутуучулардын практикалык тажрыйбасын байытып, заман талабына ылайык алардын кесиптик өсүшү үчүн мыкты шарттарды түзөт», — деп билдирди.

Жыйынтыгында институттун окуу-методикалык кеңешинин төрайымы Н. Жолдошева профессордук-окутуучулук курамга жана тренер Орозова Жазгүлгө ыраазычылык билдирип, мындай тажрыйба алмашуу билим берүү процессинин сапатын жогорулатууга түздөн-түз өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.