1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 день назад

14

1

"Ата-Мекенди коргоо-ыйык милдет"

Экономика жана институтунун экономика, эсеп жана каржы кафедрасында 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата "Ата-Мекенди коргоо - ыйык милдет" аттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Экономика жана укук институтунун бардык окутуучулар курамы жана студенттер катышты. Иш-чараны экономика жана укук институтунун тарбия-окуу иштери боюнча директордун орун басары Ташиева Канымбү Мадановна жана экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын башчысынын орун басары э.и. к., доцент Мамыралиева Айнагүл Тураматовна ачып, куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөштү.  Ал Кыргыз мамлекетинин бейпил турмушу үчүн күрөшкөн эр жүрөк баатырларды эскерип, студенттерди Мекенди сүйүүгө жана патриоттуулукка чакырды.

 Андан соң иш-чаранын жүрүшүндө БЭк-1-25 тайпасынын студенттери тарабынан видеороликтер көрсөтүлүп, кызыктуу оюндар уюштурулуп,  оюндун жеңүүчүлөрүнө белектерин беришип, майрам менен куттуктоо айтышып, ыр-бийлерди аткарышып, салтанаттын катышуучуларына ыраазычылыктарын билдиришти.