1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

7

1

Юк-3-25 тайпасындагы ата-энелер жыйыны

2026-жылдын 20-февралында Экономика жана укук институтунун Жарандык укук жана адвокатура кафедрасында Юк-3-25 тайпасынын «Юриспруденция» адистигинин куратордук иш планына ылайык ата-энелер жыйыны өткөрүлдү.

Жыйынды өткөрүүнүн негизги максаты — университет менен үй-бүлөнүн өз ара кызматташтыгын чыңдоо, студенттердин окуудагы жетишкендиктери үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын инсандык, кесиптик өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болду.

Ата-энелер жыйынына тайпанын куратору Борубай уулу  Эсен, Институттун директору, э.и.д., профессор Аскарова Айнура Каныбековна жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Канымгул Мадановна Ташиева катышты.

Институттун директору, э.и.д., профессор Аскарова Айнура Каныбековна билим сапатын жогорулатуу жана кесиптик даярдыкты бекемдөө маселелерине токтолуп, окуу процессинин уюштурулушу, ички тартип эрежелери, студенттердин академиялык жоопкерчилиги, сабакка катышуусу, жетишкендиктери жана кышкы экзамендик сессиянын жыйынтыктары тууралуу кеңири маалымат берди. Ал ата-энелерди студенттердин сабакка үзгүлтүксүз катышуусун көзөмөлдөөгө жана университет менен дайыма байланышта болууга чакырды.

Тарбия иштери боюнча директордун орун басары Канымгул Мадановна Ташиева студенттердин тартиби жана сабактарга такай кечиккен студенттер боюнча маселелерди талкууга салды.

Тайпанын куратору Борубай уулу  Эсен ата-энелер менен туруктуу байланыштын маанилүүлүгүн, билим берүү процессин биргелешип көзөмөлдөө зарылдыгын жана студенттерди студенттик жашоого ыңгайлашуу мезгилинде колдоонун маанисин баса белгиледи.

Жыйындын сонунда ата-энелер мындан ары да кызматташууга даяр экендиктерин билдиришип, студенттердин ийгиликтүү билим алуусу жана тарбияланышы үчүн мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгилешти.