1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

13

1

Социалдык-экономикалык кубулуштарды (статистикалык жалпылыкты) статистикалык байкоо жүргүзүү процессинде областтык статистика башкармалыгынын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанышуу

2026-жылдын 20-февралында Манас шаарында жайгашкан областтык статистика башкармалыгынын актовый залында БЭк-1-25 тайпасы үчүн 1 саат жана ФКк-1-25 тайпасы үчүн 1 саат көлөмүндө «Статистика» предмети боюнча «Статистикалык байкоо» темасында практикалык сабак өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө областтык статистика башкармалыгынын жетекчиси И. Масабиров башкармалык тарабынан кайсы социалдык-экономикалык тармактар боюнча статистикалык маалыматтар топтолоору, аларды жыйноо, иштеп чыгуу, системалаштыруу жана коомчулукка сунуштоо багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле студенттерди башкармалыктын түзүмү жана кызматкерлердин иш орундары менен тааныштырды.

Реалдуу сектор бөлүмүнүн башчысы Р. Касымалиева өнөр жай тармагындагы статистикалык байкоонун жүргүзүлүшү, отчеттук формалар, аларды кабыл алуу тартиби, сводкалык таблицаларды түзүү жана отчетторду тапшыруу мөөнөттөрү жөнүндө маалымат берип, практикалык мисалдардын негизинде түшүндүрмө берди.

Мындан тышкары, Н. Айтбаева социалдык-экономикалык багыттагы статистикалык жалпылыктар боюнча, ал эми А. Атчабарова айыл чарба тармагындагы статистикалык жалпылыктар боюнча маалымат беришти. Алар статистикалык байкоо жүргүзүүнүн тартиби, чогултулган маалыматтарды көрсөткүчтөр боюнча иреттөө, талдоо жана аларды чагылдырган ай сайынкы жана жылдык статистикалык басылмалар жөнүндө кыскача мүнөздөмө беришти.

Сабактын соңунда экономика илимдеринин доктору, профессордун милдетин аткаруучу Ж. Садыралиев теманын жыйынтыгын чыгарып, практикалык көзөмөл суроолорун берип, студенттердин активдүүлүгүн белгилеп, тиешелүү бааларды койду.

Статистикалык байкоо жүргүзүү процессинде маалыматтарды жыйноо жана жайылтуу иштерине студенттердин кызыгуусу жогору болду. Алар өздөрүн кызыктырган суроолорго толук жана ынанымдуу жоопторду алышты.