1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

21

1

Студенттин ийгилиги – үй-бүлө жана университеттин өнөктөштүгү

2026-жылдын 17-февралында Экономика жана укук институтунун Экономика, эсеп жана каржы кафедрасында БЭк-1-25 тайпасынын «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит» адистиги боюнча куратордук иш планына ылайык ата-энелер жыйыны өткөрүлдү.

Жыйынды өткөрүүнүн негизги максаты — университет менен үй-бүлөнүн өз ара кызматташтыгын чыңдоо, студенттердин окуудагы жетишкендиктери үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын инсандык жана кесиптик өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болду.

Ата-энелер жыйынына тайпанын куратору Абдыманап кызы Нурия, БЭк-1-25 тайпасынын студенттери, кафедра башчысы, э.и.к., доцент Толонов Эмиль Нажимидинович, институттун директору, э.и.д., профессор Аскарова Айнура Каныбековна катышты.

Кафедра башчысы, э.и.к., доцент Толонов Эмиль Нажимидинович билим сапатын жогорулатуу жана кесиптик даярдыкты бекемдөө маселелерине токтолуп, окуу процессинин уюштурулушу, ички тартип эрежелери жана студенттердин академиялык жоопкерчилиги тууралуу кеңири маалымат берди.

Институттун директору, э.и.д., профессор Аскарова Айнура Каныбековна ата-энелерге студенттердин сабакка катышуусу, жетишкендиктери жана кышкы экзамендик сессиянын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Ал ата-энелерди студенттердин сабакка үзгүлтүксүз катышуусун көзөмөлдөөгө жана университет менен дайыма байланышта болууга чакырды.

Тайпанын куратору Абдыманап кызы Нурия ата-энелер менен туруктуу байланыштын маанилүүлүгүн, билим берүү процессин биргелешип көзөмөлдөө зарылдыгын жана студенттерди студенттик жашоого ыңгайлашуу мезгилинде колдоонун маанисин баса белгиледи.

Жыйын соңунда ата-энелер мындан ары да кызматташууга даяр экендиктерин билдирип, студенттердин ийгиликтүү билим алуусу жана тарбияланышы үчүн мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгилешти.