1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

21

1

Адам укуктарын коргоонун эл аралык механизмдери

2026-жылдын 14-февралында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук институтунда укук багытындагы окутуучулар жана магистранттар үчүн адам укуктары жана аларды коргоонун эл аралык механизмдери боюнча интенсивдүү тренинг уюштурулду. Тренинг «Жаңы муун укук коргоочулары» коалициясынын өкүлдөрү тарабынан, «Сивикс» коомдук фондунун каржылык колдоосу менен өткөрүлдү. Тренерлер — коалициянын мүчөлөрү Орумбаева Мубинабону жана Чолпон Бадышева болушту.

Тренинг укук багытындагы окутуучулар менен магистранттардын адам укуктары боюнча эл аралык стандарттар, универсалдуу жана аймактык коргоо механизмдери, ошондой эле укук жана эркиндиктерди ишке ашыруунун жана коргоонун улуттук инструменттери тууралуу билимдерин тереңдетүү максатында уюштурулду. Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар практикалык кейстерди карап чыгып, эл аралык органдарга кайрылуу механизмдерин талдап, улуттук деңгээлде адам укуктарын илгерилетүү жана коргоодо юристтердин ролун талкуулашты.

Иш-чара кесиптик диалог жүргүзүү, тажрыйба алмашуу жана академиялык коомчулук менен укук коргоо демилгелеринин ортосундагы кызматташууну чыңдоо үчүн аянтча болуп, компетенттүү жана социалдык жоопкерчиликтүү юристтердин жаңы муунун калыптандырууга өбөлгө түздү.