1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

19

1

Окуу-таанышуу практикасы – студенттердин кесиптик өсүшүнүн негизи

2026-жылдын 13-февралында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Научно-образовательный производственный комплекси Институтунун үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмүндө сырттан окуу формасында окуп жаткан «Экономика» багытынын студенттери үчүн уюштуруучу окуу-таанышуу практикасына арналган конференция өткөрүлдү. Конференцияга «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит» профилинин БЭс-1-23, БЭс-2-23 тайпалары жана «Финансы жана кредит» профилинин ФКс-1-23 тайпасынын студенттери катышышты.

Конференциянын максаты — студенттерди алдыдагы практиканын мазмуну, милдеттери жана отчеттук талаптары менен тааныштыруу, ошондой эле практикалык даярдыктын жогорку билим берүүдөгү маанисин түшүндүрүү болду.

Алгач кафедра башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Толонов Эмиль Нажимидинович сөз сүйлөп, практика студенттердин кесиптик калыптануусунда өзгөчө орун ээлерин белгиледи. Ал теориялык билимди практикалык тажрыйба менен айкалыштыруу зарылдыгын баса көрсөтүп, студенттерди жоопкерчиликке жана активдүүлүккө чакырды.

Андан соң «Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу» бөлүмүнүн адиси Жолдошалиева Нурия Султановна практиканы өтүүнүн тартиби, күндөлүк жана отчет даярдоо талаптары, тапшыруу мөөнөттөрү тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле келечектеги ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү жана кесиптик өсүү багыттары жөнүндө айтып өттү.

Практика жетекчилери — экономика илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Абдырахманова Г.Б., Эргешова Т.А., Кубанычбеков Э., окуу-таанышуу практикасынын мазмуну жана негизги милдеттери боюнча түшүндүрмө беришти. Алар финансылык-чарбалык ишмердүүлүктү талдоо, бухгалтердик эсеп, ички көзөмөл жана аудит системасы, финансылык пландоо жана кредиттик операциялар боюнча багыттарды белгилешти. Ошондой эле отчетту даярдоо жана ийгиликтүү коргоо боюнча сунуштарын беришти.

Жыйынтыгында практика жетекчилери студенттерге практиканы ийгиликтүү өтүүнү, алган билимдерин иш жүзүндө колдонууга умтулууну, жоопкерчиликтүү жана активдүү болууну каалап, окууда жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди тилешти.