1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

23

1

"Мастер класс: “Студент-окутуучу кызматташтыгы жана сабактагы жагымдуу, шыктандыруучу чөйрөнү түзүү”

2026-жылдын 31-январында Экономика жана укук институтунун окуу-усулдук кеңешинин иш планына ылайык Экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын ага окутуучусу Н.К. Мусакуловтарабынан “Студент-окутуучу кызматташтыгы жана сабактагы жагымдуу, шыктандыруучу чөйрөнү түзүү” аталышындагы мастер-класс уюштурулду. Иш чарага аталган институттун профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Мастер-класстын негизги максаты – билим берүү процессинде студент менен окутуучунун өз ара кызматташуусун күчөтүү, сабакта позитивдүү психологиялык атмосфера түзүүнүн эффективдүү ыкмаларын талкуулоо жана практикалык инструменттерди сунуштоо болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө ачык коммуникациянын мааниси жана академиялык өнөктөштүк маданиятын калыптандыруу маселелери каралды. Институттун директору профессор А.Аскарова сабактагы жагымдуу чөйрө студенттердин мотивациясын жогорулатууга, өз оюн эркин билдирүүгө жана активдүү катышууга түздөн-түз таасир этерин билдирди.

Н.К.Мусакулов өз баяндамасында шыктандыруучу сабак – бул окутуучунун профессионалдык чеберчилиги менен студенттердин активдүү катышуусу айкалышкан процесс экенин баса белгиледи. Ал сабакта ишенимге негизделген мамиле түзүү, конструктивдүү кайтарым байланыш берүү жана интерактивдүү ыкмаларды колдонуу тууралуу практикалык сунуштарын бөлүштү.

Мастер-класс интерактивдүү форматта өтүп, катышуучулар топтук иштерге катышып, конкреттүү педагогикалык кырдаалдарды талдап чыгышты. Институттун окуу-усулдук кеңешинин төрайымы Н.Жолдошева бул ыкма окутуучулар ортосунда тажрыйба алмашууга жана жаңы идеяларды иштеп чыгууга шарт түздү деп айтып өттү.

Иш-чара жогорку уюшкандыкта өтүп, катышуучулар тарабынан жогору бааланды. Мындай мастер-класстар билим берүү сапатын жогорулатууга, окутуучулардын кесиптик өнүгүүсүнө жана институтта жагымдуу, шыктандыруучу билим берүү чөйрөсүн калыптандырууга өбөлгө түзөт.