1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

192

1

Экономика жана укук институтунда Экстремизм жана терроризм багытында конок лекциясы өткөрүлдү

2026-жылдын 17-февраль күнү Б.Осмонов атындагы Жалал Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунун Юриспруденция багытындагы магистр жана бакалавр студенттери үчүн «Экстремизм жана терроризм: заманбап чакырыктар жана укук коргоо органдарынын ролу» аталышында конок лекциясын Кылмыш жаза укуктук дисциплиналар кафедрасынын ага окутуучусу Т.Ж.Сусунбаев тарабынан уюштурулуп, конок лекцияга Ички иштер министрлигинин Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармасынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү  кызматынын кызматкери, милициянын подполковниги Урмат Калдаровдун катышуусунда өткөрүлдү.

Урмат Калдаров юриспруденция багытынын магистранттарга жана бакалавр студенттерине,  Экстремизм жана терроризм коомдук коопсуздукка жана мамлекеттин туруктуулугуна олуттуу коркунуч жараткан негизги факторлордун бири экенине токтолду. Ааламдашуу шартында, интернет жана социалдык тармактар аркылуу маалыматтын активдүү жайылышы радикалдык идеялардын жаңы формаларда таралышына жана өзгөчө жаштардын аң-сезимине таасир этүүсүнө шарт түзүүдө. Ушуга байланыштуу бул көрүнүштөргө каршы күрөштө алдыңкы сапта турган укук коргоо органдарына өзгөчө роль жүктөлө тургандыгы боюнча жана экстремизм, терроризмге каршы аракеттенүү комплекстүү ыкманы жана мамлекет менен коомдун тыгыз кызматташуусун талап кыларын белгилеп,  кеңири талкуулап түшүндүрүп өттү, ошондой эле Экстремизм — бул конституциялык түзүлүштү бузууга, улуттар аралык, диний же социалдык кастыкты козутууга багытталган радикалдык көз караштарды жана ыкмаларды кармануу. Ал эми терроризм экстремизмдин эң чектен чыккан көрүнүшү болуп саналат жана калкты коркутуу, коомдогу абалды туруксуздаштыруу максатында зомбулук аракеттерин жасоо менен мүнөздөлүшүн тушүндүрдү. Урмат Калдаровдун айтымында, интернет-платформалар аркылуу жарандарды азгыруу аракеттери өзгөчө кооптуу. Диний агартуу же социалдык жардам көрсөтүү деген шылтоо менен радикалдык идеялар жайылтылууда, экстремизм жана терроризм — бул мамлекеттин, коомдун жана ар бир жарандын биргелешкен аракетин талап кылган олуттуу чакырык, биргелешкен аракеттердин натыйжасында гана радикалдык идеялардын жайылышын алдын алып, коомдук ынтымакты жана укуктук тартипти сактап калууга болот - деп баса белгиледи.

Жыйнтыгында, студенттер тарабынан талапка жооп бере турган  суроолор берилип, конок лекциясы максатына жетип, конок лекциянын мейманы милициянын подполковниги Урмат Калдаровго студенттер тарабынан ыраазычылыктар айтылып отулду, Мындан ары да ушундай лекциялардын тез тез болуп турушун суранып өтүштү.