1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

25

«УНИВЕРСИТЕТ–АТА-ЭНЕ–СТУДЕНТ: КЫЗМАТТАШТЫК" аталышындагы жолугушуу

«Экономика» багыты боюнча ФКк-1-25 тобунда пландуу ата-энелер жыйыны болуп өттү. Жыйын окуу процессин уюштуруу, 1-курстун студенттеринин жогорку окуу жайына адаптацияланышы жана тарбиялык иштерди күчөтүү маселелерине арналды.

Жыйынга ата-энелер, тайпанын куратору, студенттер, ошондой эле кафедра башчысы, институттун жетекчилиги катышты:

·                     кафедра башчысы - Толонов Э.Н.

·                     Экономика жана укук институтунун окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары - Ташиева К.М.

Жолугушууда студенттердин сабакка катышуусу, жетишкендиктери, тартип маселелери, илимий жана коомдук иш-чараларга катышуусу талкууланды. Айрыкча биринчи курстун студенттеринин жаңы билим берүү чөйрөсүнө көнүгүүсү жана жоопкерчилигин жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

«Биринчи курс - бул студенттер үчүн жаңы баскыч. Бул мезгилде алар өз алдынча иштөөгө, убакытты туура пайдаланууга жана жоопкерчиликтүү болууга үйрөнүшү керек. Биздин максат — студенттердин сапаттуу билим алышына шарт түзүү жана аларды келечектеги мыкты адис катары калыптандыруу. Бул багытта ата-эне менен окуу жайдын тыгыз кызматташуусу өтө маанилүү».

Куратор ата-энелерди студенттердин окуусуна көңүл буруп, университет менен дайыма байланышта болууга чакырды.

Кафедра башчысы билим сапатын жогорулатуу жана кесиптик даярдыкты бекемдөө маселелерине токтолду. Ал эми директордун орун басары окуу процессинин уюштурулушу, ички тартип эрежелери жана студенттердин академиялык жоопкерчилиги тууралуу кеңири маалымат берди.

Жыйындын соңунда ата-энелер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, сунуш-пикирлерин билдиришти.

Жыйынтыгында ата-эне, окутуучу жана студенттин биргелешкен аракеттери студенттердин ийгиликтүү билим алышынын жана кесиптик өсүшүнүн негизги шарты экени белгиленди.