1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

31

1

«Ооган согушунун антропологиясы: Согуштун руханий-психологиялык сыноолору жана адам тагдыры»

2026-жылдын 12-февралында ЭУИнин профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын демилгеси менен  Ооган согушунун ардагери, профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын окутуучусу Мамытов Марат Исабековичтин 60 жылдык юбилейинин алкагында «Ооган согушунун антропологиясы: Согуштун руханий-психологиялык сыноолору жана адам тагдыры» аталышындагы илимий-тарбиялык максаттагы кереге-кеңеш өткөрүлдү. Илимий-тарбиялык кереге-кеңеш куттуктоолор, илимий баяндамалар, студенттер тарабынан даярдалган маданий иш-чара менен коштолду. Социалдык иш адистигинин 1-2-3 курстун студенттери институттун деңгээлинде Ооган согушунун ардагери, профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын окутуучусу Мамытов Марат Исабековичтин 60 жылдык юбилейин, 15-февраль Ооган согушунда курман болгондорду эскерүү жана 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү – Кыргызстандагы маанилүү күндөрдүн бири болуп эсептелген жана ардагерлерди эскерүү жана алардын эрдигин урматтоо максатында чакан концерттик программасын тартуулашып, маанайларын көтөрүштү жана өздөрүнүн даярдаган чакан белектерин тапшырышты. Иш чаранын жыйынтыгында кафедранын Ооган согушунун ардагерлери улуу окутуучулар А.О. Шерматов жана М.И. Мамытовдорго сөз беришип, ардагерлер өздөрүнүн тажрыйбалары, согуш мезгилиндеги кыйынчылыктар жана Ооганстандагы кызмат өтөө убактысындагы эрдиктери тууралуу айтып беришти. Институттун студенттери тарабынан суроо-жооптор берилип, иш чара өз максатына жетти.