1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

37

1

Абдыкадыр Орозбеков — кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 24-июлундагы «Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар (Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев) жөнүндө» №205 Жарлыгынын жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын №01-20/5582 катынын негизинде аталган Жарлыкты ишке ашыруу максатында 2026-жылдын 5-февралында Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абдыкадыр Орозбековдун тарыхый мурасын комплекстүү изилдөө жана анын улут тагдырындагы өчпөс ордун илимий-тарбиялык негизде эскерүү алкагында “Абдыкадыр Орозбековдун жашаган доору, ишмердүүлүгү, тарыхта ээлеген орду” аттуу кереге-кеңеш өткөрүлдү.

Кереге-кеңешти ЖАМУнун мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору Абубакир Таштемирович Маматумаров куттуктоо сөзү менен ачты.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Абдыкадыр Орозбековдун өмүр баяны” аттуу баяндаманы Юк-3-25 тайпасынын студенттери Замирбекова Зарина жана Нуралиев Элзар жасашты. “Абдыкадыр Орозбеков — өмүрү өрнөк инсан” аттуу баяндаманы БЭк-1-24 тайпасынын студенти Тынчтыкбекова Медина сунуштады.

Ошондой эле “Абдыкадыр Орозбеков — кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери” темасында т.и.к., доцент Эрнист Абдыманапович Авазов баяндама жасады. “Менин мамлекетим — менин жоопкерчилигим” аттуу темада ЖАМУнун Жаштар комитетинин жетекчиси Адилет Алимжанович Усенов сөз сүйлөдү.

Ал эми «Тарыхый жоопкерчилик: А. Орозбеков жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн экзистенциалдык тандоосу» аттуу баяндаманы ф.и.к., доцент Гулжамал Тыныбековна Токтогулова презентация менен сунуштап, мазмундуу талкуу жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго кеңири жооп алышты. Кереге-кеңеш жогорку денгээлде өтүп, концерттик программа менен жыйынтыкталды. Активдүү катышкан мыкты докладчылар жана сүрөтчүлөр дипломдор жана грамоталар менен сыйланышты.