1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

28

1

Экономика, эсеп жана финансы кафедрасында магистранттардын илимий-изилдөө конференциясы өткөрүлдү

2026-жылдын 31-январында Экономика, эсеп жана финансы кафедрасында сырттан окуу формасында билим алып жаткан БЭмс-1-24 тобунун «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит» профили жана ФКмс тобунун «Финансы жана кредит» профили боюнча магистранттардын илимий-изилдөө конференциясы өткөрүлдү.

Конференцияга аталган магистранттар тобу, экономика, эсеп жана финансы кафедрасынын башчысы, э.и.к., доцент Толонов Эмиль Нажимидинович, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Илимий-билим берүү-өндүрүштүк комплексинин карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Жолдошалиева Н.С., практикага жооптуу, э.и.к., доценттин милдетин аткаруучу Абдырахманова Г.Б., ошондой эле практиканын жетекчилери катышты.

Конференциянын жүрүшүндө кафедра башчысы магистранттарды өндүрүштүк практиканын программасы, аны өтүүнүн жол картасы, отчеттук документтерге коюлган талаптар жана практиканы уюштуруунун негизги этаптары менен тааныштырды. Практиканы өтүү, илимий-изилдөө ишмердүүлүгү жана практиканын базалары менен иш алып баруу боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.

Аталган конференция магистранттардын маалымдуулугун жогорулатууга жана практикалык даярдоону сапаттуу уюштурууга өбөлгө түздү.