1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

25

1

БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕПТИН ЗАМАНБАП ЧАКЫРЫКТАРЫ: МАГИСТРАНТТАР ҮЧҮН КОНОК ЛЕКЦИЯ

2025-жылдын 25-декабрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасында Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун магистранттары үчүн конок лекция өткөрүлдү.

Конок лекцияга БЭмс-1-24 жана ФКмс-1-24 тайпаларынын магистранттары катышып, алар үчүн «Учурдагы бухгалтердик эсептин ролу» аттуу актуалдуу тема боюнча лекция уюштурулду.

Ардактуу коноктор жана лекторлор катары экономика илимдеринин доктору, профессор Омурзаков Сатыбалды Ашимович, экономика илимдеринин кандидаты, доцент, К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит» кафедрасынын башчысы Жанузаков Болотбек Шакыевичтер сөз сүйлөдү. Лекция башталар алдында лекторлорду магистранттарга «Экономика, эсеп жана каржы» кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Толонов Эмил Нажимидинович тааныштырып, бул жолугушуунун келечектеги экономисттер менен финансисттерди кесиптик даярдоодогу маанисин баса белгиледи.

Лекциянын жүрүшүндө бухгалтердик эсептин өнүгүшүндөгү заманбап тенденциялар, экономиканын санариптешүүсү шартындагы трансформациясы, ошондой эле эсептин финансылык ачык-айкындуулукту камсыз кылуудагы, натыйжалуу башкарууну жүргүзүүдөгү жана негизделген башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда ойногон ролу кеңири талкууланды. Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасындагы бухгалтердик жана каржылык эсептин практикалык аспектилерине бурулду.

Иш-чаранын жыйынтыгы өзгөчө баалуу жана эсте каларлык учур менен аяктады: экономика илимдеринин доктору, профессор Омурзаков С.А., экономика илимдеринин кандидаты, доцент Жанузаков Б.Ш. магистранттарга Кыргыз Республикасындагы бухгалтердик жана каржылык эсепке арналган өзүнүн автордук китептерин белекке тапшырышты. Бул китептер билим берүү процессин окуу-усулдук жактан камсыздоого олуттуу салым кошуп, магистранттардын чын жүрөктөн ыраазычылыгын жаратты.

Конок лекция жылуу жана жигердүү атмосферада өтүп, магистранттардын зор кызыгуусун жаратты жана университетте академиялык кызматташууну чыңдоого, практикага багытталган окутууну өнүктүрүүгө маанилүү кадам болду.