1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

37

1

Илимий-практикалык диалог: Социалдык иш адистерин даярдоодогу эмгек рыногунун СТРАТЕГИЯЛЫК ӨНӨКТӨШТҮГҮ

2025-жылдын 18-декабрында Экономика жана укук институтунун профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасында заманбап билим берүүнүн актуалдуу маселелерине арналган «Социалдык иш адистерин даярдоодогу ЖОЖдун жана эмгек рыногунун стратегиялык өнөктөштүгү» деген теманын алкагында конференция уюштурулду.

Иш чаранын негизги максаты 540200 Социалдык иш багыты боюнча болочок адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу жана билим берүү мекемеси менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы интеграцияны бекемдөө. Конференцияга мамлекеттик түзүмдөрдүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты:

Мамлекеттик жана муниципалдык органдар: Манас шаардык мэриясы, шаардык башкармалыктар жана айыл өкмөттөрү;

Социалдык коргоо сектору: Облустук, шаардык жана райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктары, Социалдык фонд башкармалыгы; Укук коргоо жана реабилитация: Жалал-Абад облусу боюнча Пробация башкармалыгы, Сузак райондук карылар жана майыптар үйү;

Жарандык коом: «Данакер» коомдук уюму, «Каниет» реабилитациялык борбору жана «Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фондунун Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү.

Ошондой эле, институттун жетекчилиги, кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер активдүү катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү илимий-теориялык жана практикалык багыттар боюнча маалымат алмашышып, орчундуу маселелерди ортого салышты:

  • Билим берүү стандарттарындагы трансформация: «Социалдык иш» багыты боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарындагы акыркы өзгөрүүлөр жана алардын заманбап талаптарга шайкештиги.
  • Негизги билим берүү программасы (НББП): Окуу пландарын эмгек рыногунун суроо-талабына ылайыкташтыруу жана компетенцияларды калыптандыруу.
  • Иш ордунда окутуу. Студенттердин практикалык даярдыгын күчөтүү, дуалдык билим берүү элементтерин киргизүү жана өндүрүштүк практиканын эффективдүүлүгү.
  • Бүтүрүүчүлөрдүн мониторинги: Жаш адистердин ишке орношуусундагы тоскоолдуктар жана бул маселени чечүүдөгү стратегиялык өнөктөштөрдүн ролу.

Иш чаранын соңунда иш берүүчүлөр тарабынан окуу процессин жакшыртуу боюнча баалуу сунуш пикирлер айтылып, практикалык тажрыйба алмашуу болду. Конференциянын расмий бөлүгү студенттер тарабынан даярдалган, социалдык кызматкердин образын жана маанилүүлүгүн даңазалаган “Маанай чамгарагы” чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды. Бул жолугушуу ЖОЖ менен өнөктөштөрдүн ортосундагы алтын көпүрө болуп, келечектеги профессионал кадрларды даярдоого жаңы импульс берди. Иш чара өз максатына жетти.