1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

39

1

Инфляциянын себептери, таасири жана бухгалтердик эсептеги маселелер

2025-жылдын 11-декабрь күнү ЭУИнун Экономика эсеп жана каржы кафедрасынын улук окутуучусу Аширалиева Бактыгүл  БЭк-1-23 тайпасында Бухгалтердик эсеп дисциплинасынан “ Инфляциядагы жана гиперинфляциядагы бухгалтердик эсеп”деген темада ачык сабак өттү.

Сабактын башталышында улук  окутуучу  инфляциянын маанисин, анын түрлөрүн, себептерин жана ишканаларга тийгизген таасирин толук ачып берди. Материал теория менен практиканы айкалыштырып, студентке экономикалык процесстердин бухгалтердик отчеттуулукка кандай таасир тийгизээрин түшүнүктүү кылып көрсөттү.

Сабакта инфляциянын ишканаларга тийгизген таасири да жакшы талданган: активдердин реалдуу эмес бааланышы, акча каражатынын күчүнүн жоголушу, чыгымдардын өсүшү жана пландоо кыйынчылыктары – практикалык бухгалтерияда кездешүүчү негизги маселе экендигин айтты.. Окуу материалын визуалдаштырууну жогорку деңгээлде  камсыздоо үчүн башкаруу панели бар интерактивдүү доска жана мультимедиялык презентация колдонулуп, студенттерге теманы кабыл алуу натыйжалуулугун жогорулатты.

Студенттер өтүлүп жаткан тема боюнча  талкууга  активдүү катышып, окутуучу тарабынан коюлган суроолорго жооп берип, жаңы  теманы жакшы түшүнгөндүгүн суроо жооптору  аркылуу тастыкташты. Сабактын жыйынтыгында улук окутуучу  сабакка койгон максатты толук түрдө аткарылгандыгы белгиленди.

Улук окутуучу эң активдүү студенттерди баса белгилеп: Тажибаева Альбина, Кочкоров Байыш, Абдуманапова Малика, Тажибаев Арген, Эрнис уулу Бактилек бул  студенттерге жогору  баа берилди.

Сабактын соңунда катышып жаткан окутуучулар – улук окутуучу Мусакулов Н.К, окутуучу  Орозова Ч.С  улук окутуучуга  жакшы каалоо-тилектерин айтышты, өтүлгөн сабак боюнча  инфляция жана гиперинфляция шартындагы бухгалтердик отчеттуулуктун проблемаларын толук жана так ачып бере алды деген  жакшы пикирлерин айтышты, методикалык камсыздалышын, сабактын уюштурулушун баалашты жана окутуу методдорун мындан ары өркүндөтүү  менен  окуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.