1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

56

1

"Чыңгыз Айтматов – кыргыз жана дүйнө адабиятынын жарык жылдызы "

2025-жылдын 10-декабрь күнү Б. Осмонов атындагы Жалал Абад мамлекеттик университетинин илимий билим берүү  комплексинин  Экономика жана укук институтунун Экономика эсеп жана каржы кафедрасында  Кыргыз  эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 97 жылдыгына арналган "Чыңгыз Айтматов – кыргыз жана дүйнө адабиятынын жарык жылдызы " аттуу куратордук ачык  саат болуп өттү. Иш-чарага аталган кафедранын Профессордук окутуучулук курамы толугу менен ошондой эле кафедрага тиешелүү бардык тайпалардын студенттери катышышты.

Ачык куратордук саатта ЭУИнун директору профессор А.Аскарова Ч.Айтматовдун өмүр баянына кеңири токтолушуп, ал  инсан кыргыз элинин сыймыгы, чыгармалары дүйнө жүзүнө таанымал экендигин айтты.

Кафедра башчысы доцент Төлөнов Э.Н  Жазуучунун ар бир чыгармасында нукуралык, элдин турмушундагы көйгөйлөр, карапайым кыргыз элинин мүнөзүндөгү өзгөчөлүктөрү бар экендигин баса белгилеп, студенттерди Чыңгыз Айтматовдун бардык чыгармаларын окуп чыгуусун айтып өттү.

 Студенттер Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу баяндамаларды окуп, Жамила, Биринчи Мугалим, Саманчынын жолу чыгармаларынан үзүндүлөрдү театралдаштырып  көрсөтүштү. Ошондой эле жазуучунун чыгармаларынын мазмуну жазылган плакаттарды даярдашты.

Жыйынтыгында ар бир жакшы аткарылган чыгармалар үчүн, активдүү катышкан студенттер  үчүн  жана жакшы тартылган сүрөттөр үчүн дипломдор тапшырылды.