1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

45

1

АЙТМАТОВ ААЛАМЫ

 Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунун Социалдык иш адистигинин 1-курсунун студенттери үчүн улук окутуучу Ы.М. Кожоназарова «Айтматов ааламы» аталышында куратордук-тарбиялык саат өткөрдү. Иш-чара улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун туулган күнүнө арналды.

Иш-чарага институттун, кафедранын профессордук-окутуучулук курамы, ошондой эле бардык курстун студенттери катышты. 1-курстун студенттери тарабынан даярдалган кызыктуу программа тартууланды:

Студенттер тарабынан даярдалган кыскача Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары тууралуу видеоролик. Иш-чарага өзгөчө активдүү катышкан студенттер Абдурасулова Асема "Ч.Т. Айтматовдун өмүр баяны" тууралуу баяндама жасады. Таирбекова Уулкыз "Саманчынын жолу" повестиндеги Толгонайдын монологун көркөм окуп берди. Калган катышуучу студенттер Чыңгыз Айтматовдун учкул сөздөрүн айтышып, кызыктуу суроо-жооп оюнун уюштурушту. Оюнда активдүү катышкан студенттерге, профессордук-окутуучулук курамына белектер тапшырылды.

Куратордук саат студенттерге Айтматовдун чыгармачылыгын жана инсандыгын тереңирээк таанып-билүүгө, анын ааламдык адабияттагы ордун түшүнүүгө чоң өбөлгө түздү. Жыйынтыгында, иш-чара өз максатына жеткендиги белгиленди.