1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

55

1

КАРЖЫ ТАРТИБИ БОЮНЧА ИНТЕРАКТИВДҮҮ АЧЫК САБАК

2025-жылдын 8-декабрында «Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүш комплексинин Экономика жана укук институтунун БЭк-1-23 тайпасында «Финансы» предмети боюнча «Камсыздандыруу жана камсыздандыруу рыногу» темасында ачык сабак өткөрүлдү.

Сабакты экономика, эсеп жана финансы кафедрасынын улук окутуучусу Мусакулов Нурбек Куралбекович өткөрдү. Сабак учурунда окутуучу камсыздандыруу ишмердүүлүгүнүн маңызы, камсыздандыруунун түрлөрү, камсыздандыруу рыногунун иштөө принциптери жана анын өнүгүүсүндөгү заманбап тенденциялар тууралуу кеңири маалымат берип өттү.

Окутуунун натыйжалуулугун жана көрнөктүүлүгүн жогорулатуу максатында төмөнкү каражаттар колдонулду:

·       мультимедиялык презентация;

·       тема боюнча видео-сабак;

·       студенттердин активдүүлүгүн күчөткөн заманбап интерактивдүү окутуу ыкмалары.

Ачык сабакка кафедранын окутуучулары да катышып, сабактын жогорку деңгээлде уюштурулганын жана анын практикалык багытталгандыгын белгилешти.

Сабакка студенттер жигердүү катышып, талкууларга аралашып, камсыздандырунун механизмдери, камсыздандыруу компанияларынын ролу жана Кыргызстандагы камсыздандыруу рыногунун өнүгүү перспективалары тууралуу суроолорду беришти. Бардык суроолорго түшүнүктүү жана кеңири жооп берилди.

Мындай форматтагы ачык сабактар билим берүү процессинин сапатын жогорулатууга, студенттердин кесиптик даярдыгын күчөтүүгө жана практикага багытталган окутууну өнүктүрүүгө чоң салым кошот.