1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

59

«Салыктар жана салык салуу» лекциялык курсу боюнча академиялык мобилдүүлүк

2025-жылдын 4-ноябрынан 9-декабрына чейин Б. Осмонов атындагы «Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук институтунун БЭк-1-23 тобунда академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында «Салыктар жана салык салуу» дисциплинасы боюнча онлайн-лекциялар уюштурулду.

Лекцияларды Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Банк иши жана салык салуу» кафедрасынын доценти, экономика илимдеринин кандидаты Джоробекова Гулбарчын Абдуматовна өткөрдү.

Сабактарды уюштуруу жана жүргүзүү иштерине Экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын ага окутуучусу - Мусакулов Нурбек Куралбекович биргелешип катышты. Окуу процесси Zoom платформасында онлайн форматта жүргүзүлдү.

Курс төмөнкү темаларды камтыды:

1.    Акциз салыгы

2.    Сатуудан алынган салыктар

3.    Кен байлыктардан алынуучу салыктар

4.    Мүлк салыгы

5.    Жер салыгы

6.    Өзгөчө салык режимдери

Лекциялардын өткөрүлүшү өнөктөш жогорку окуу жайларынын ортосундагы академиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана келечектеги экономисттерди сапаттуу даярдоого өбөлгө түздү.