1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

56

1

Теориялык билим- практикадагы стартап жана Бизнес план

2025-жылдын 8-декабрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү жана өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук институтуна караштуу «Экономика, эсеп жана каржы» кафедрасынын студенттери тарабынан иштелип чыккан стартаптар жана бизнес-пландар боюнча БЭк-1-23 тайпасынын студенттери менен кезектеги илимий конференция жана ачык сабак болуп өттү.                     Иш-чараны кафедранын «Бизнес-планирование» дисциплинасынан сабак берчү жана жазылган стартаптар менен бизнес-пландарга жетекчи болгон э.и.д., профессор м.а. Ж. Садыралиев өткөрдү жана уюштурду.  Конференцияга жана ачык сабакка э.и.к., доцент Э. Төлөнов, э.и.к., доцент А. Мамыралиева, э.и.к., доцент Г. Султанбекова, э.и.к., доценттин м.а. Г. Абдрахманова, ага окутуучу Н. Мусакулов, ага окутуучу Б. Ашыралиева, окутуучу Н. Абдуманапова, ошондой эле БЭк-1-23 тайпасынын студенттери катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге суроолор берилип, долбоорлорду жакшыртуу үчүн сунуштар айтылды. Сөз сүйлөгөндөр — э.и.к., доцент А. Мамыралиева, э.и.к., доцент Г. Жамашева, э.и.к., доценттин м.а. Г. Абдрахманова — стартаптардын көпчүлүгү сабаттуу түзүлгөнүн белгилешти. Ошондой эле студенттер «Бизнес-планирование» сабагынан алган теориялык билимин практикалык долбоорлорду түзүүдө туура пайдаланганын айтышты. Ачык сабак өз максатына толук жеткендигин, жана сабактын практикалык мааниси жогору экендиги белгиленди.

Стартап жазган студенттерге өз долбоорлорун ЖАМУнун Бизнес-инкубаторуна тапшыруу сунушталды.