1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

49

1

3-декабрь ден соолугунун  мүмкүнчүлүгү  чектелген      жарандардын Эл аралык күнү

2025-жылдын  3-декабрында Экономика жана укук институтунун профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана Социалдык иш адистигинин студенттери 3-декабрь бүткүл дүйнөлүк ден соолугунун  мүмкүнчүлүгү  чектелген жарандардын Эл аралык күнүнө карата “Боорукер бол” кайрымдуулук акциясын уюштурушуп, Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга студенттер чакан концерттик программасын тартуулашып, маанайларын көтөрүштү жана өздөрүнүн даярдаган чакан азык-түлүк баштыктарын тапшырышты. Иш чаранын жыйынтыгында социалдык коргоого муктаж жарандарыбызга колдоо багытындагы иш аракеттердин улантыла тургандыгы белгиленди.   

Боорукердик жана көңүл буруу гана дүйнөнү сактап калат!