1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

1

ЖАШТАР ВИЧ/СПИДге КАРШЫ

1-декабрь— Эл аралык СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунун Социалдык иш адистигинин 1-курсунун студенттери үчүн улук окутуучу Ы.М. Кожоназарова “ЖАШТАР СПИДге КАРШЫ” аталышында куратордук саат өткөрдү.

Куратордук сааттын негизги максаты — студенттердин ВИЧ/СПИД тууралуу билим деңгээлин жогорулатуу жана аларга жоопкерчиликтүү, коопсуз жашоо образын жайылтуу болду.

Куратордук сааттын жүрүшүндө төмөнкүдөй актуалдуу жана маанилүү маселелер талкууланды:

1.      ВИЧ (Иммундук жетишсиздик вирусу) менен СПИДдин айырмасы;

2.      Жугуу жолдору жана вирустун организмге таасири;

3.      Алдын алуу чаралары жана коопсуздук эрежелери;

4.      Коомдогу стигма (басмырлоо) жана ага каршы күрөшүүнүн жолдору;

5.      Тесттен өтүүнүн маанилүүлүгү (ВИЧ статусун билүү).

Студенттер кызыктырган көптөгөн суроолорго толук жоопторду алышты, ошондой эле өз ойлорун жана сунуштарын ортого салышты. Иш-чаранын жыйынтыгында, студенттердин ден соолукка карата жоопкерчилиги жогорулап, ВИЧ менен жашаган адамдарга карата толеранттуулук сезими калыптанды.

Бул иш-чара жаштарды коркунучтуу оорулардан сактоого жана алардын билим деңгээлин көтөрүүгө багытталган ЖАМУнун үзгүлтүксүз аракетинин бир бөлүгү болуп саналат.