1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

52

1

Ата-энелер, студенттер жана окутуучулар – бир толкунда

2025-жылдын 5-декабрында Экономика жана укук Институтунун Экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын 2-курсунун ФКк-1-24 тайпасынын студенттеринин ата-энелери үчүн кеңейтилген жыйын болуп өттү. Жыйын ата-энелер менен окутуучулар үчүн маанилүү окуя болуп, студенттердин окуу процесси жана окуу жылын ийгиликтүү улантууга байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк берди.

Жыйынды кафедранын башчысы, э.и.к., доцент Толонов Эмил Нажимидинович жана пайпанын куратору, э.и.к., доценттин м.а. Абдырахманова Гүлчехра Батырбековна алып барышты.

Жыйын алгачкы мүнөттөрдөн тарта эле жылуу жана ишенимдүү атмосферада өттү. Кафедра башчысы Э.Н. Толонов студенттердин учурдагы окуу жетишкендиктери тууралуу кеңири айтып, алардын ийгиликтерин белгилеп, жакшыртууну талап кылган багыттарга да токтолуп өттү.

Өзгөчө көңүл төмөнкү маселелерге бурулду: сабакка катышуу, тартип жана жоопкерчилик, туруктуу окуу мотивациясын калыптандыруу, өз алдынча жана практикалык иштерди өз убагында аткаруу.

Ата-энелер 2-курстагы окуу процесси кандай жүргүзүлөрүн, студенттерге коюлган талаптарды жана бул этапта көп кездешкен кыйынчылыктар тууралуу кеңири маалымат алышты.

Тайпанын куратору ар бир студенттин окуу жетишкендиги боюнча толук маалымат берди. Окуу жүгүн ийгиликтүү өздөштүрүп жаткан студенттер белгиленип, кошумча көзөмөлдү талап кылган студенттердин ата-энелерине тиешелүү сунуштар берилди.

Кафедра башчысы белгилегендей, 2-курс — бул кесиптик дисциплиналарды тереңдетип үйрөнүү этабы болуп саналат, жана үй-бүлөнүн колдоосу билим берүү программасын ийгиликтүү өздөштүрүүдө маанилүү роль ойнойт.

Жыйында талкууланган маанилүү маселелердин бири — окуу акысын өз убагында төлөө болду. Ата-энелерге контракттын 50%ын төлөө зарылдыгы эскертилилип, бул студенттердин окууну үзгүлтүксүз улантуусуна жана модулдарга тоскоолдуксуз киришине шарт түзөөрү белгиленди.

Куратор ата-энелерге 15-декабрда экинчи модуль башталарын маалымдап, бул модуль студенттердин билим деңгээлин баалоодо маанилүү этап болоорун белгиледи. Айрыкча кесиптик дисциплиналар боюнча балдардын даярдыгын күчөтүү сунушталды.

Жыйын жандуу жана мазмундуу талкуу менен жыйынтыкталды. Ата-энелер суроолорун берип, сунуш-пикирлерин билдиришти жана студенттердин адаптациясы, окуу жүгү, психологиялык абалы жана кафедранын талаптарына байланыштуу бир катар маанилүү маселелерди көтөрүштү.

Жыйындын соңунда ата-энелер кафедра башчысына, окутуучуларга жана кураторго алардын кесипкөйлүгү, студенттерге болгон көңүл буруу жана сапаттуу билим берүү иштерине кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти. Жолугушунун жылуу маанайи ата-энелер менен окутуучулардын студенттердин келечеги үчүн биргелешип иштөөгө болгон умтулуусун дагы бир жолу тастыктады.