1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

54

1

«Манас» эпосундагы баатырдык, нарк-насил жана биримдик идеялары

2025-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республиканын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралында № 65 “Манас” эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча жана “Манас” – улут биримдиги жана ынтымагы” маалымат өнүктүрүү концепциялары жөнүндө” токтомдун негизинде 2023-2027-жылдарга бекитилген иш-чараларына ылайык Экономика жана укук институтунда «Манас» эпосундагы баатырдык, нарк-насил жана биримдик идеяларын талкуулоого багытталган тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чарага окутуучулар жана студенттер катышып, эпостун тарбиялык мааниси, улуттук баалуулуктарды чагылдыруудагы ролу жана бүгүнкү коом үчүн актуалдуулугу боюнча баяндамаларды жасашты.

Катышуучулар «Манас» эпосундагы баатырдык рух, улууларды урматтоо, адеп-ахлак, тукумдуктук байланыш жана эл биримдиги сыяктуу түшүнүктөрдү терең талдап, анын жаш муундарды тарбиялоодогу маанилүүлүгүн баса белгилешти. Иш-чара жигердүү талкуу менен жыйынтыкталып, студенттердин улуттук мурас боюнча кызыгуусун арттырды.