1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

1

Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы улуттук баалуулуктар

2025-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 3-октябрындагы №279 «Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды өткөрүү» жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруу максатында Экономика жана укук институтунда «Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы улуттук баалуулуктар» аттуу кереге кеңеш өткөрүлдү.

Иш-чарага окутуучулар жана студенттер катышып, даярдаган плакаттарын жана презентацияларын коргоп, баяндамаларды жасашты. Залкар жазуучунун дүйнө таанымы, улуттук өзгөчөлүктөрдү көркөм берүү ыкмалары жана анын бүгүнкү күндөгү мааниси жөнүндө талкуу жүргүзүлдү.

Катышуучулар Айтматовдун мурастары жаш муундарды тарбиялоодо, руханий баалуулуктарды сактоодо жана коомдук аң-сезимди калыптандырууда зор мааниге ээ экенин белгилешти. Иш-чара жигердүү талкуулар менен жыйынтыкталып, студенттердин кызыгуусун арттырды.