1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

44

1

ПРАКТИКАЛЫК ОКУТУУ – КЕСИПКӨЙЛҮККӨ КАРАЙ КАДАМ: Б.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАМУНУН СТУДЕНТТЕРИ МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАРДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮН ӨЗДӨШТҮРҮШТҮ

2025-жылдын 3-декабрында “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук институтунда мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы келечектеги адистердин кесиптик компетенцияларын күчөтүүгө багытталган кезектеги жумуш ордундагы окуу практикалык сабагы өткөрүлдү.

ФКк-1-22 тайпасынын студенттери үчүн «Мамлекеттик сатып алуулар» дисциплинасы боюнча жумуш ордунда окутуу уюштурулуп, ал “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүндө өткөрүлдү. Мындай окутуу студенттерге теорияны гана эмес, мамлекеттик сатып алуулардын иштөөсүн реалдуу шартта, иш процессинде тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

«Мамлекеттик буйуртмаларды жайгаштырууда санариптик технологиялар» темасындагы сабакты экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын ага окутуучусу - Мусакулов Нурбек Куралбекович өткөрдү. Анын сабагы жогорку кесипкөйлүк жана практикалык багыттуулук менен айырмаланып, студенттерге мамлекеттик    буйуртмаларды жайгаштырууда колдонулуучу заманбап санариптик куралдар жана   платформалар көрсөтүлүп, электрондук системалар менен иштөө өзгөчөлүктөрү кеңири талданды.

Практикалык окутуунун баалуулугун арттырган дагы бир маанилүү жагдай -  “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы Паизов Алтынбек Мамазакировичтин катышуусу болду. Ал студенттерге Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик сатып алуулар тармагын жөнгө салган мыйзамдардын негизги жоболорун жөнөкөй жана жеткиликтүү тил менен, реалдуу мисалдар аркылуу түшүндүрүп берди. Өзгөчө көңүл арыздарды тапшыруу жол-жоболоруна, документтерге коюлуучу талаптарга, тендер өткөрүү тартибине жана сатып алуулар комиссиясынын ишине бурулду.

Анын адистик комментарийлери ар бир мамлекеттик заказдын баскычында жоопкерчилик жана ачык-айкындык кандай мааниге ээ экенин студенттерге терең түшүнүүгө жардам берди.

Практикалык сабак студенттердин билимдерин чыңдоодо, санариптик платформалар менен иштөө көндүмдөрүн калыптандырууда жана мамлекеттик сатып алуулар системасы менен күнүмдүк иш алып барган адистерден баалуу тажрыйба алууда маанилүү кадам болду.

Мындай иш-чаралар “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин практикалык багыттагы сапаттуу билим берүүгө, заманбап чакырыктарга жооп бере алган компетенттүү кадрларды даярдоого болгон умтулуусун айкын көрсөтөт.