1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

52

1

Киберкылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар

2025-жылдын 3-декабрында Экономика жана укук институтунда директор, экономика илимдеринин доктору, профессор А. К. Аскарованын жетекчилиги алдында заманбап дүйнөнүн эң актуалдуу темаларынын бири — кибермошенничиликке каршы аракеттенүү боюнча студенттер үчүн түшүндүрмө сабактарынын жана жолугушуулардын цикли өткөрүлдү.

Иш-чараларга практик юристтер жана укук тармагындагы адистер,  адис-адвокат Кулушов Нурмамбет Алибаевич да катышып, студенттерге интернет-мошенниктерди таануу ыкмалары, киберкылмыштын түрлөрү жана жарандардын санариптик мейкиндиктеги укуктук корголушу тууралуу жеткиликтүү жана кызыктуу маалымат беришти. Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин кибермошенничилик үчүн жоопкерчиликти караган 209-1-беренесине бурулду.

Жолугушуулардын жүрүшүндө студенттер сот практикасынын реалдуу мисалдарын талкуулоого активдүү катышып, онлайн-транзакциялардын коопсуздугу, жеке маалыматтарды коргоо жана санариптик технологияларды мыйзамсыз колдонуу боюнча суроолорун беришти.

Профессор А. К. Аскарова санариптик сабаттуулук жана укуктук маалымдуулук — заманбап билим берүүнүн маанилүү бөлүктөрү экенин, айрыкча маалыматтык технологиялар тез өнүгүп жаткан шартта алардын ролу жогорулай турганын баса белгиледи. Мындай иш-чаралар студенттерде укуктук маданиятты гана эмес, өз киберкоопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамилени да калыптандырууга жардам берет.

Жолугушуулардын жыйынтыгында уюштуруучулар киберкылмыштуулуктун алдын алууга жана жаштардын укуктук аң-сезимин чыңдоого багытталган мындай окутуу иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.