1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

52

1

"СПИД-менен күрөшүү – биримдикти талап кылат"

2025-жылдын 2-декабрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунун Экономика, эсеп жана каржы кафедрасында Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата «СПИД менен күрөшүү – биримдикти талап кылат» аттуу жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууну Жалал-Абад областтык вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук дефицит вирусун көзөмөлдөө борборунун адистери — Мамашев Бактыбек Кубанычбекович жана медайым Мурзабекова Назгүл жүргүзүштү. Алар бул кооптуу оорунун пайда болуу тарыхы, анын белгилери, себептери, жугуу жолдору, бейтапты текшерүүдөн өткөрүү тартиби жана көрсөтүлө турган медициналык жардам боюнча кеңири маалымат беришти.

Адистер студенттердин бардык суроолоруна жооп беришти. Иш-чарага кафедранын профессордук-окутуучулар курамы жана БЭк-1-25, ФКк-1-25, БЭк-1-24, ФКк-1-24, ФКк-1-22 топторунун студенттери катышты.