1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

46

1

«Экономикалык системада менчик»

2025-жылдын 2-декабрында Экономика жана укук институтунун Экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын окутуучусу Орозова Чыныгул Самидиновна «Экономикалык системада менчик» темасында ачык лекциялык сабак өткөрдү. Сабак БЭк-1-25 жана ФКк-1-25 тайпаларынын студенттерине «Микроэкономика» курсунун алкагында уюштурулду.

Сабакка уулу окутуучу Н.К.Мусакулов Н.К. жана А.А. Аширалиева катышты.

Ачык сабактын жүрүшүндө эки негизги маселе каралды:

1.           Менчиктин түшүнүгү жана экономикалык системадагы мааниси.

2.           Менчиктин экономико-укуктук аспектилери.

Окутуучу Ч.С. Орозова эки маселе боюнча студенттерге түшүндүрмөлөрдү мисалдар менен берди. Жаңы теманын жалпы мааниси кыскача баяндалды, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ар бир маселе боюнча нагляддык материалдар колдонулуп, лекциянын материалдары слайддар аркылуу студенттерге сунушталды, негизги түшүнүктөр жөнөкөйлөтүлүп, жеткиликтүү тилде түшүндүрүлдү.

Студенттерди сабакка активдүү тартуу максатында аудиториянын көңүлү сабактын ичинде сакталып, талкууга катышуу үчүн шарттар түзүлдү. Сабакта интерактивдүү методдор колдонулуп, керектүү деңгээлде демонстрация жүргүзүлдү.

Сабактын аягында окутуучуга илимий жана окуу-методикалык ишинде ийгиликтерди каалашты.