1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

60

1

“Студент жана илимий–техникалык прогресс” аттуу XII эл аралык студенттик илимий конференция

2025-жылдын 29-ноябрында Экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын студенттери Экономика жана укук институтунан Ош мамлекеттик университетинде «Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу XII Эл аралык студенттик илимий конференцияга  катышты.

ФКк-1-25 тайпасынын студенти Лутфуллаев Яхё Умаруллаевич «Жаңы жер, жаңы экономика, жаңы өлкө» аттуу баяндама жасады (илимий жетекчиси — Чыныгул Самидиновна).

БЭк-1-24 тайпасынын студенти Адилет Жуманазаров «Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдөгү чет элдик инвестициялардын ролу» темасында баяндама жасады (илимий жетекчиси — э.и.к., доценттин м.а. Абдырахманова Гүлчехра Батырбековна).

ФКк-1-24 тайпасынын студенткасы Эркинбекова Арууке Эркинбековна «Кыргызстандагы банктык коопсуздуктун негиздери» аттуу темада баяндама жасады (илимий жетекчиси — э.и.к., доценттин м.а. Жамашева Гүлбара Султанбековна).

БЭк-1-24 тайпасынын студенткасы Исмаилова Жанылай «“Жашыл экономикага” өтүү: Кыргызстан жана регион өлкөлөрү үчүн мүмкүнчүлүктөр жана кыйынчылыктар» темасында баяндама менен катышты (илимий жетекчиси — э.и.д., профессор Айнура Каныбековна Аскарова).

Конференциянын жыйынтыгында:

·                Лутфуллаев Яхё Умаруллаевич I даражадагы диплом менен сыйланды,

·                Адилет Жуманазаров II даражадагы диплом менен сыйланды,

·                Эркинбекова Арууке Эркинбековна III даражадагы диплом менен сыйланды,

·                Исмаилова Жанылай активдүү катышканы үчүн сертификат менен сыйланды.