1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

58

1

«Сактандыруу» дисциплинасы боюнча ачык сабак: жоопкерчилик сактандыруусунун тобокелдиктерди башкаруу системасындагы ролу

2025-жылдын 2-декабрында Экономика, эсеп жана финансы кафедрасынын окуу процесси алкагында «Страхование» дисциплинасы боюнча «Жоопкерчилик сактандыруусу» темасында ачык сабак өткөрүлдү.

Сабактын башында окутуучу сабактын максатын белгилеп, студенттерде жоопкерчилик сактандыруусунун маңызы, анын түрлөрү жана тобокелдиктерди башкаруу механизминде аткарган ролу боюнча системалуу түшүнүк калыптандыруу милдетин койду.

Сабактын жүрүшүндө жоопкерчилик сактандыруусунун түрлөрүн классификациялоо, тиешелүү тобокелдиктердин мүнөздөмөсү жана заманбап практикада сактандыруу инструменттерин колдонуу өзгөчөлүктөрү каралды. Окуу материалын жогорку деңгээлде көрнөктүү көрсөтүү максатында башкаруу панели бар интерактивдүү доска жана мультимедиялык презентация колдонулуп, маалыматты кабыл алуу натыйжалуулугу жогорулады.

Студенттер талкууга активдүү катышып, окутуучунун суроолоруна жооп беришти жана теманы жакшы түшүнгөндүгүн көрсөтүштү. Сабактын жыйынтыгында окутуучунун койгон максаты толук аткарылганы белгиленди.

Окутуучу эң активдүү студенттерди белгилеп кетти: Айтикеев Майрамбек, Мамасалиев Бектур, Токтонбеков Азирет, Ормонов Аскат жана Шакиржанова Айзат. Бардык студенттерге оң баалар коюлду.

Сабактын соңунда катышкан окутуучулар — э.и.д., профессор м.а. Садыралиев Ж. жана э.и.к., доцент Мамыралиева А.Т. — лекторго позитивдүү каалоо-тилектерин айтып, сабак боюнча оң пикирлерин билдиришти, мазмунду, методикалык камсыздоону жана уюштурууну жогору баалашты, ошондой эле окутуу ыкмаларын мындан ары өркүндөтүү жана окуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.