1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

80

1

1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү

1-декабрь жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү катары белгиленет. Бул күн 1988-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БССУ) жана БУУнун Башкы ассамблеясынын демилгеси менен түзүлгөн. Анын максаты — дүйнө өлкөлөрүнүн аракетин бириктирүү, көйгөйгө көңүл буруу жана адамдын иммундук жетишсиздиги вирусу (ВИЧ) тууралуу стигмаларды жоюу.

2025-жылдын 1-декабрында Экономика жана укук институтунун студенттери үчүн ВИЧ/СПИДдин алдын алуу боюнча лекция өткөрүлдү. Лекцияны ЖАГУнун дарыгери Оморбекова Элнура Азизбековна жана медайым Касымбекова Тахмина Маданбековна окутушту. Лекторлор оорунын себептери, белгилери, симптомдору, алдын алуу чаралары жана диагностикасы тууралуу кенен маалымат беришти. Студенттер плакаттарды даярдап, оору жугушу мүмкүн болгон жагдайларды чагылдырган көркөм сценкаларды көрсөтүштү.