1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

1

Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы ЖАМУда конок лекцияларды өткөрдү

2025-жылдын 27–28-ноябрында ЖАГУнун 530500 «Юриспруденция» багытынын профессордук-окутуучулар курамынын чакыруусу менен Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары конок лекцияларды өткөрүү үчүн университетке келишти. Иш-чарага төмөнкү адистер катышты: юридикалык илимдердин доктору, «Мамлекет жана укук теориясы жана тарыхы» кафедрасынын профессору Кольсариева Назира Шаршенбековна; юридикалык илимдердин кандидаты, доцент Асанова Үмүтай Алибаевна; юридикалык илимдердин кандидаты Жолдошев Максатбек Арзимаматович; юридикалык илимдердин кандидаты Нуркулова Нурзада Мукамбековна; Таштанбек кызы Айгүл; Жолчиев Сапаралы Туманович; Абдипаттаев Тимурлан Маматибраимович; Жусубалиева Мунара Курбаналиевна.

Окутуучулар Экономика жана укук институтунун 530500 «Юриспруденция» багытынын студенттери үчүн «Мамлекеттик укук теориясы» жана «Шайлоо укугу» дисциплиналары боюнча лекцияларды өткөрүштү. Сабактардын жүрүшүндө студенттер активдүү катышып, мазмундуу суроолорду беришти жана конок адистерден керектүү, баалуу түшүндүрмөлөрдү ала алышты.

Иш-чаранын уюштуруучулары ОшМУнун профессордук-окутуучулар курамына мазмундуу лекциялары үчүн ыраазычылык билдирип, кийинки ишмердүүлүктөрүнө ийгиликтерди каалап, эки университеттин кызматташтыгы мындан ары да улантыларын белгилешти.