1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

47

1

Ачык сабак – келечектеги кесиптик чөйрөгө багыт

2025-жылдын 24-ноябрында Экономика жана укук институтунун БЭк-1-24 тобунун студенттери үчүн «Акча. Кредит. Банк» дисциплинасы боюнча ачык практикалык сабак өтүлдү. Сабакты экономика, эсеп жана финансы кафедрасынын окутуучусу, экономика илимдеринин кандидаты, доценттин м.а. Жамашев Г. С. «Валюта рыногу» темасында өткөрдү.

Сабактын жүрүшүндө окутуучу көргөзмөлүү материалдарды, интерактивдүү ыкмаларды, ошондой эле студенттердин кызыгуусун арттыруучу ар кандай практикалык тапшырмаларды колдонду. Колдонулган окутуу ыкмалары билим берүүдөгү эффективдүүлүгү менен айырмаланып, жайылтууга татыктуу. Студенттердин билими өзүн-өзү баалоо методикасынын негизинде текшерилди.

Ачык сабак келечектеги банк кызматкерлерине баалуу тажрыйба болду: студенттер теориянын практикага кандайча айланарын өз көздөрү менен көрүшүп, банкир кесибинде жоопкерчилик, тартип жана эмгекчилдиктин маанилүү экенин түшүнүштү.

Сабактын жыйынтыгында студенттер экономикадагы валюталык операциялардын жана валюталык жөнгө салуунун маанисин терең түшүнүштү, ошондой эле каржылык маданияттын ролун аңдашты. Мындай сабактар келечектеги адистерди реалдуу кесиптик чөйрөгө жакындатат, практикалык тажрыйба алууга шарт түзөт жана ийгиликтүү карьерага ишенимдүү кадам жасоого көмөкчү болот.