1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

52

1

Адистикти туураа тандоо келечекке жол ачат

2025-жылдын 27-ноябрында Экономика жана укук институтунун экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын БЭк-1-25, ФКк-1-25  тайпаларынын студенттери “Адистикке киришүү” предметинен Манас шаардык статистика башкармалыгында жана Манас шаардык финансы башкармалыгында жумуш ордунда окуудан өтүштү.         

         Э.и.к, доцент Э.Н.Төлөнов  сабактын жүрүшүндө Статистиканын экономикадагы орду жана финансы каражаттары боюнча  теориялык жактан  кеңири маалымат берди. Ал эми жогорудагы ишканалардын жетекчилери  Масабиров Ислам Автандилович, Аким уулу Талантбек студенттерге Статистика, Финансы кызматтарынын аткарган иштери боюнча  кеңири маалымат беришти. Студенттерге шаарда жайгашкан ишканалар өндүргөн продукциялар жөнүндө маалыматтар кандай алынары жана финансы ресурстарынын бөлүнүшү менен байланышкан маселелер кызыктырып, өздөрүнүн берген суроолоруна жеткиликтүү жооп алышты.

           Жыйынтыгында ишканалардын жетекчилерине кафедра башчысы э.и.к, доцент Э.Н.Төлөнов  ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.