1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

57

1

Бухгалтердик эсеп боюнча эл аралык олимпиада

2025-жылдын 26-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунун экономика, эсеп жана каржыы кафедрасынын БЭк-1-23 тайпасынын студенттери Абдыманапова Малика, Кочкоров Байыш, Камалова Айсулуу, Нажимидинова Элина, Тажибаев Арген жана Тажыбаева Альбина —  э.и.д., профессордун м.а. Карбекова А.Б., э.и.к., доцент Толонова Э.Н. жана улук окутуучу Б. Аширалиеванын жетекчилиги алдында бухгалтердик эсеп боюнча эл аралык вуздар аралык олимпиадага катышты.

Олимпиада Борбордук Азия инновациялык университети жана «Бухгалтерлер ассоциациясы» кесиптик уюму тарабынан уюштурулган.

Олимпиаданын тапшырмалары эки турдан турган:

I тур — 30 тесттик суроо (30 балл, ар бир туура жооп үчүн 1 балл);

II тур — тапшырмаларды чечүү: 1-тапшырма (20 балл), 2-тапшырма (20 балл), 3-тапшырма (10 балл), 4-тапшырма (10 балл), 5-тапшырма (10 балл).

Олимпиадага жалпы 33 команда катышкан. Жыйынтыгында студенттер активдүү катышкандыгы үчүн сертификаттар менен сыйланышты.