1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

10 часов назад

12

1

Жашыл экономика — экономикалык өнүгүүнүн модели

2025-жылдын 24–27-ноябрында мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу боюнча Мамлекеттик заказды ишке ашыруу максатында «Жашыл экономика — экономикалык өнүгүүнүн модели» аттуу курс өткөрүлдү. Курстун тренери — Экономика жана укук институтунун «Экономика, эсеп жана каржы» кафедрасынын профессору Аскарова Айнура Каныбековна. Курстун угачылары — Жалал-Абад облусунун мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлери.

Курстун максаты — жашыл экономика тууралуу туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык багыты катары системалуу түшүнүк түзүү, ошондой эле экологиялык туруктуулукка, ресурстарды үнөмдөөгө жана социалдык жыргалчылыкка багытталган экономикалык өсүү моделдерин үйрөнүү. Катышучуулар жашыл экономиканын негизги түшүнүктөрү менен таанышты, анын ичинде табигий ресурстарды рационалдуу пайдалануу, энергия үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, циркулярдык экономиканын принциптери жана бизнести экологиялык модернизациялоо сыяктуу багыттар камтылды.

Курстун алкагында туруктуу экономикалык өсүштү колдоого багытталган мамлекеттик саясаттын стратегиялары жана эл аралык демилгелер каралды. Аларга Париж макулдашуусу, БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары жана корпоративдик экологиялык жоопкерчиликтин мыкты тажрыйбалары кирет. Өзгөчө көңүл экологиялык жактан таза өндүрүштү стимулдаштыруучу экономикалык механизмдерге — «жашыл» салыктарга, субсидияларга жана каржылоо программаларына бурулду.