1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 день назад

21

1

Экономика жана укук институтунда сот процесси боюнча ачык сабак

2025-жылдын 26-ноябрында Экономика жана укук институтунун юриспруденция адистигинин ЮК-1-23 тайпасында Кылмыш укугу сабагынан «Жыныстык кол тийгистикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар» темасы боюнча сот процессине арналган ачык сабак болуп өттү.

Ачык сабакта студенттерге интерактивдүү ыкма менен маалымат берилип, алар сот жараянын практикалык түрдө көрсөтүштү. Иш-чарага чакырылган коноктор менен биргеликте талкуу жүргүзүлүп, суроо-жооп форматында жандуу пикир алмашуу уюштурулду.

Сабакты Кылмыш укугу предметинин окутуучусу Нурмамбет Кулушов даярдап, ал студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Бул иш-чара студенттердин укуктук билимдерин тереңдетүүгө жана сот процессинин жүрүшүн практикада түшүнүүгө чоң мүмкүнчүлүк берди.