1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 день назад

17

1

Кыргызстандын экономикасынын негизги тармактары

2025-жылдын 26-ноябрында Манас шаарындагы областтык статистика башкармалыгынын чоң жыйындар залында «Кыргызстандын экономикасынын негизги тармактары» темасында практикалык сабак өткөрүлдү. Сабак Илим жана укук институтунун БЭк-1-24 жана ФКк-1-24 тайпалары үчүн «Улуттук экономика» дисциплинасы боюнча уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө областтык статистика башкармалыгынын башчысы И. Масабиров социалдык-экономикалык тармактар тууралуу кеңири маалымат берип, коомчулукка көрсөтүлүүчү «Улуттук жыйынтык продукт» жана «Калк жана эмгек ресурстары» боюнча маалыматтардын кантип чогултулуп, системалаштырылып берилерин түшүндүрдү.

Реалдуу секторду башкаруу бөлүмүнүн башчысы Р. Касымалиева студенттерди өнөр-жай секторундагы отчеттук формалар, алардын алынуу жана сунушталуу мөөнөттөрү менен тааныштырып, практикалык мисалдар келтирди.

Мындан тышкары, Нурайда Айтбаева социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү камтыган айлык жана жылдык публикациялар жөнүндө кыскача маалымат берди.

Сабактын соңунда «Экономика, эсеп жана каржы» кафедрасынын э.и.д., профессор А. Карбекова жана окутуучу Ч.С. Орозова жыйынтык чыгарып, практикалык суроолорду берип, студенттердин кызыгуусун арттырды. Студенттердин суроолоруна толук жана ишенимдүү жооптор берилди, ошондой эле сабакта өзгөчө активдүү студенттер белгиленди.