1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 день назад

14

1

Жумуш ордунда окутуу (ЖОО): коммерциялык банкттагы практикалык сабак (ЖАК КИКБ)

2025-жылдын 18-ноябрында Манас шаарындагы ЖАК «Кыргызско-Инвестиционно-Кредитный Банк» филиалынын базасында «Банктык ишмердүүлүктү талдоо» дисциплинасы боюнча «Кредиттик операцияларды талдоо жана кредиттик портфелдин сапатын баалоо» темасында практикалык (семинардык) сабак өткөрүлдү. Сабак ФКк-1-22 тайпасынын күндүзгү бөлүмдүн 580100 «Экономика» багытынын «Каржы жана насыя» адистиги боюнча Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономика жана укук институтунун студенттери үчүн, уюштурулду.

Сабакты экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын доцентитин м.а., э.и.к. Г.С. Жамашева Г. С. алып барды. Студенттер банк жетекчилиги менен таанышты. Алардын алдында ЖАК «Кыргызско-Инвестиционно-Кредитный Банк» башкаруучусунун орун басары, башкы адис Абдрахманов Азизбек чыгып сүйлөп, банктык кредиттөө тармагындагы кесиптик тажрыйбасы жана практикалык көндүмдөрү менен кеңири бөлүштү.

Сабактын жүрүшүндө студенттер коммерциялык банктагы иш орунду уюштуруу тартиби, кредиттик келишимдерди түзүү этаптары, тобокелдиктерди баалоо методдору жана кардарлар менен иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алышты. Практикалык бөлүгүндө студенттер университетте алган теориялык билимдердин банк иштеринде кандай колдонуларын көрүштү. Абдрахманов Азизбек заманбап кредиттөө ыкмалары, кредиттик операциялардын жарандар жана бизнес үчүн экономикалык кызыкчылыктарды коргоодогу ролу тууралуу айтып берип, студенттердин суроолоруна жооп берди.

Студенттер банк структурасынын реалдуу уюштурулушу, кызматкерлердин функцияларынын бөлүштүрүлүшү, банк тармагында иштөө үчүн талап кылынган кесиптик көндүмдөр, ошондой эле эмгекти жана документ жүгүртүүнү уюштуруунун заманбап форматы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Практикалык сабак келечектеги банкирлер үчүн абдан баалуу тажрыйба болду: алар теориянын практикада кандай ишке ашарын көрүшүп, банк кызматкеринин ишиндеги жоопкерчилик, тартип жана тактык кандай мааниге ээ экенин түшүнүштү.

Сабактын жыйынтыгында студенттер кредиттөө процессинин экономикадагы практикалык маанисин тереңирээк түшүнүп, финансылык маданияттын маанилүүлүгүн аңдашты. Мындай жолугушуулар келечектеги адистерге реалдуу кесиптик чөйрөгө жакындап, баалуу тажрыйба топтоого жана ийгиликтүү карьерага ишенимдүү кадам таштоого мүмкүндүк берет.Конец формы