1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 день назад

11

1

БЭк-1-23 тайпасында ата-энелер чогулушу

2025-жылдын 26-декабрь күнү Экономика жана укук институтунун Экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын  башчысы э.и.к, доцент Төлөнов Эмил Нажимидинович  жана БЭк-1-23 тайпасынын үчүнчү курсунун куратору, ага окутуучу Аширалиева Бактыгүл Абдиумаматкадыровна студенттердин ата-энелери менен чогулуш өткөрдү. Жолугушууда студенттердин сабакка катышуусу жана жетишкендиктери, биринчи модулдун жыйынтыктары тууралуу маалыматтар берилди. Окуу акысынын 50% ын 10-декабрга чейин төлөө маселеси талкууланды. Ата-энелерге жана тайпанын  кураторуна студенттердин сабакка катышуусу, жетишүүсү, сабак учурунда кийиле турган сырткы формага болгон талаптар жана окуу акысын көзөмөлдөө милдети жүктөлдү. Мындан ары ата-энелер университет менен тыгыз байланышта болуп, балдарына көзөмөлдү күчөтүүгө убадаларын беришти.