1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 день назад

11

1

Жумуш орунда окутуу (ОРМ): «Маркетинг-микс жана маркетингдик контроль»

2025-жылдын 25-ноябрында Манас шаарындагы «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнын филиалында «Маркетинг» дисциплинасы боюнча «Маркетинг-микстин жана маркетингдик көзөмөль» темасында студенттердин иш орунда окутуу (ОРМ) боюнча практикалык (семинардык) сабак өткөрүлдү. Иш-чарага “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин «Экономика» багыты боюнча билим алган ФКк-1-24 жана БЭк-1-24 тайпаларынын студенттери катышты.

Сабактын максаты – студенттерге маркетинг-микстин жана маркетингдик көзөмөлдүн практикалык өзгөчөлүктөрүн көрсөтүү, теориялык билимди реалдуу иш тажрыйбасы менен бекемдөө жана алардын кесиптик даярдыгын жогорулатуу. Студенттерге Манас шаарындагы филиалдын корпоративдик сатуу секторунун башчысы Султанова Салтанат Афтандиловна жана инспектор Бакиев Бакытбек Абдыманапович өздөрүнүн практикалык тажрыйбасы менен бөлүшүп, Кыргызстандын камсыздандыруу тармагындагы иш жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп, маркетинг-микстин жана маркетингдик контролдун концепциясын мүнөздөп беришти.

Сабактын максаты толугу менен ишке ашты: ОРМ форматы теория менен практиканын айкалышына шарт түзүп, студенттердин кесиптик кызыгуусун жана мотивациясын жогорулатты.

Сабактын аягында экономика илимдеринин доктору, «Экономика, эсеп жана финансы» кафедрасынын профессору А. Аскарова жана окутуучу Ч. С. Орозова тема боюнча жыйынтык чыгарып, практикалык суроолорду узатышты. Студенттер бул суроолорго кызыгып, толук жана мазмундуу жоопторду алышты жана өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү